Биз менен байланышыңыз

Ашыкча салмак коронавируска каршы күрөштө терс таасирин тийгизет

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 945 | 0

Ашыкча салмак топтоо COVID-19 илдетине чалдыгып калуу жана оор абалда реанимацияга түшүп калуу коркунучун жаратат. Бул тууралуу семирүү боюнча изилдөө жүргүзгөн чехиялык дарыгер Йозеф Чупка маалымдады.

Анын айтымында, Чехиянын ооруканаларында коронавируска каршы эмделип жаткандардын 80 пайызы ашыкча салмак менен жабыркайт.

Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы орунга Чехия мамлекети чыкты. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо минстрлигинин маалыматына караганда, март айынын ортосунан бери COVID-19 илдетинен улам көз жүмгандардын саны 28 миңден ашкан.

Чехияда экономикалык көрсөткүчтүн жогору болгонуна карабай ушундай жагдай катталууда. Калкынын жашоо деңгээли Европанын посткоммунисттик өлкөлөрдүн арасынан экинчи орунда турат.

Чехиянын Илимдер академиясынын иммунологу Вацлав Горейши Чехия бийлигинин пандемияга каршы күрөшүү иштерин сынга алды. Анын айтымында, башка өлкөлөрдө карантиндик тартип катуу киргизилсе, Чехияда чектөөлөр жеңилдетилген.

Айрым серепчилер коронавирустун кесепетинен каза болгондордун санынын өсүшүнүн дагы бир себеби, калктын көпчүлүк бөлүгү таза жашоо образын кармашпагандыгынан жана тамеки чеккендердин саны көп экени таасир тийгизиши мүмкүн деген пикирлерин билдирген.

Өлкөдө пандемия учурунда ашыкча салмак көйгөйү да чоң роль ойнойт. Чехияда бул көрүнүш аялдарда 57%ды жана эркектерде 71%ды түзүп, Евробиримдиктеги мамлекеттердин арасынан биринчи орунда турат.

Ашыкча салмакка каршы күрөшүү боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун илимий изилдөөчүсү Йозеф Чупканын айтымында, семирүү COVID-19 илдетине чалдыгып калууну жана оор абалда реанимацияга түшүп калуу коркунучун жаратып, адам өмүрүнүн кыйылышына алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM