Биз менен байланышыңыз

Супермаркеттен сатып алууга сунушталбай турган азыктар тизмеси

Блог | 16 Апр 2021 | 731 | 0

«WeChat» маалымат булагы супермаркеттен сатып албай турган азыктарды жазып чыкты. Супермаркет түйүнү сатып алуучуларга күн сайын тамак-аш, жашылча-жемиштерди жана жашообузга керектүү каражаттарды арзан баада алууга шарт түзүп берет. Бирок, мындай дүкөндөрдө сатылгандардын бардыгы эле сапаттуу боло бербейт. Андыктан сиздерге арзандатылган айрым азык-түлүктү сатып алуу керек эместигин айтып беребиз. Алар сиздин ден соолугуңузга олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Фарш

Супермаркетте эттин түрлөрү бар. Эт бөлүмү маанилүү орунду ээлейт. Бул жерден көбүнчө фарш өтүмдүү келет. Бирок, көпчүлүк учурда супермаркетте сатылып жаткан фарш эттин калган бөлүгүнөн же эски эттен жасалышы мүмкүн. Ошондой эле учурда, май көп кошулат. Андыктан жаңы эт сатып алып фаршты өзүңүз даярдаганыныз ден соолугуңузга көбүрөөк пайда алып келет.

Туздалган жашылчалар

Кычкыл даамдуу туздалган жашылчалар — көпчүлүктүн сүйгөн тамагы. Алар адамдын табитин ачып, жакшы даам берет. Супермаркетте туздалган жашылчалар чоң челектерде сатылат. Бирок челектерге бактериялар оңой эле кирип кетет. Мындан тышкары жасалган датасы жана өндүрүүчүсү, ингредиенттердин тизмеси көрсөтүлбөйт. Жасалган продукт көпкө сакталышы үчүн көп өлчөмдө туз кошулат. Мындай даярдалган азыкта нитрит да көп болот. Бул сиздин ашказаныңыздын бузулушуна алып келет.

Даяр тамак

Даяр тамак бөлүмүндө табитти ача турган куурулган тоок этин, гриль ж.б. тамактарды айнек текчеде турганын көрөбүз. Ошондой эле сатык баасы да төмөн. Бирок эмне үчүн куурулган тоок эти арзан? Баарыбызга белгилүү болгондой, супермаркет тоок этинин тоңдурулган түрүн да сатат. Өтпөй калгандарын кайра-кайра тоңдура берсе, өңүн жана даамынын сапатын жоготот. Ошондуктан тоок этин табитти ача тургандай кууруп сатыкка чыгарышат. Андыктан супермаркеттен даяр тамак алуу керек эмес.

Балык

Балык даамдуу жана организмге пайда келтире турган азык. Бирок тоңдурулган балыктарды супермаркеттерден сатып албаганыңыз жакшы. Анткени аквариумда жаракат алган же калкып жүргөн жана муз үстүндө жаткан бир нече жолу тоңуп, эриген балыктар болуп калышы мүмкүн. Мындай балыктардын көздөрү кызарып же агарып калат. Ошондуктан супермаркеттен өтө арзан баада балык албаңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM