Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Биздин дарыгерлер COVID-19ду 2-3 күндө айыктырган ыкма табышты

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1379 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринин абалы менен таанышты. Андан соң жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалары менен тезинен ооруканага барууга чакырды.

«Бүгүн мен Ковид-19 илдети менен ооруп жаткан бейтаптар жаткырылган бир катар ооруканаларды кыдырып чыктым. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга, Токмок аймактык ооруканасына бардым.

Азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес десек болот. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандардан сурап чыктым, алар көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер, такыр болбой баратканда келип, реанимацияга түшүп калгандар экен.

Ошондуктан сиздерге кайрылып кетерим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты.

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот», — деди президент.

Алдыда катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз деп кошумчалады өлкө башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM