Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 230 адам илдетке чалдыгып, 4 бейтап көз жумду

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1000 | 0

16-апрелге карата коронавирус илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.

Ал эми бир сутка ичинде 230 адамдан коронавирус табылды: Бишкек шаарында — 131; Чүй облусунда — 70; Ысык-Көл облусунда — 12; Жалал-Абад облусунда — 4; Нарын облусунда — 4; Ош шаарында — 3; Ош облусунда — 3; Баткен облусунда — 2; Талас облусунда — 1 адамдын илдет жугузганы аныкталды.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 130 бейтап айыгып чыкты: Бишкек шаарында — 87; Чүй облусунда — 31; Ош облусунда — 3; Ысык-Көл облусунда — 5; Жалал-Абад облусунда — 3; Баткен облусунда — 1 адам ооруну жеңди.

Учурда стационарларда 1070 бейтап, үй шартында 1173 бейтап коронавирустан дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 91 374 адам коронавирус жугузуп, анын ичинен 86 621 бейтап сакайып чыкса, 1544 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM