Биз менен байланышыңыз

Пентагон АКШнын кемелери эмне үчүн Кара деңизге кирбей калгандыгын түшүндүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1114 | 0

Пентагон АКШнын кемелери Кара деңизге кирбей калганынын себебин Орусия менен Украинанын ортосундагы мамилелердин мындан ары начарлашына жол бербөө деп билдирди. Бул тууралуу «Politico» басылмасы жазып чыкты.

Кара деңизге багыт алган «Дональд Кук» жана «Рузвельт» эсминецтери «кырдаалды курчутпоо максатында» багытын өзгөрткөнү белгиленди. Басылманын маалыматы боюнча, жалпысынан кемелер техникалык тейлөөгө же эксплуатациялык пландардын өзгөрүшүнө байланыштуу багытын тез-тез өзгөртүп турушат. Бул ирет «ансыз да оор мезгилде Москвага карата провокацияга жол бербөө үчүн» кемелердин багыты өзгөртүлгөн.

Буга чейин, Кара деңизге бараткан эки америкалык эсминец Орусия жана АКШ президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин багытын өзгөрткөнү маалымдалган.

Эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин америкалык кемелер Крит аралына кирип келип, АКШнын деңиз флотунун логистикалык пунктунда бир күн болушкан. 14-апрель кечинде кемелер аралдан чыгып кеткен, алардын жол алган багыты азырынча анык эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM