Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 995 | 0

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалына барып, пандемиянын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди.

Улуттук госпиталда коронавирус инфекциясы менен ооруган 84 бейтап дарыланып жатат. Дары-дармек жана жабдуулар боюнча көйгөйлөр жок экени айтылды. Мекемедеги «кызыл зонанын» жандандыруу бөлүмүндө 5 адам дарыланып жатат.

Президент ошондой эле 147 бейтап дарыланып жаткан Токмок аймактык ооруканасынын филиалындагы «кызыл зонадан» кабар алды. Ал эки медициналык мекеменин тең кызматкерлери менен сүйлөштү.

Жапаров мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатканын, анын алкагында дарыгерлер жана мугалимдер үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM