Биз менен байланышыңыз

Парламентте чек ара меселеси жабык эшик артында каралууда

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1077 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара меселесин жабык эшик артында карап жатат. Эртең менен депутат Марлен Маматалиев Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча маалымат берүүсүн талап кылган эле.

Жыйында Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоонун азыркы абалы боюнча маалымат берилмекчи. Баяндамачы катары Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чакырылган.

Ошондой эле чек ара маселесине тиешеси бар тараптар: Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев, Юстиция министринин орун басары Канатбек Ысманалиев, Транспорт жана жол министринин орун басары Талант Солтоев, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин стат-катчысы Эрмек Махамадинов, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев, Өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Мамат уулу Чыңгызбек да кошо чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM