Биз менен байланышыңыз

ИИМ кызды унаага зордоп отургузгандар боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1220 | 0

Интернетте жаш жигит кызды зордоп унаага салууга аракет кылып жаткан видео тарады. Окуя 15-апрелге караган түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайда болгон.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Сокулук райондук милициясы окуя болгон жерге барышкан. Тергөө башталып, жаңжалдын катышуучуларынын өздүгүн аныктоо аракеттери жүрүп жаткан.

Видеодогу кыз менен бала аялы-күйөөсү болгонун ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алар 22 жаштагы Р.М. жана 23 жаштагы Ж.А. аттуу Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургундары. Өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Бири-бирине доолору жок экенин айтышкан.

5-апрелде Бишкектеги көчөлөрдүн биринде 27 жаштагы кыз уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны ала качып, өлтүргөн бала өзүнө да бычак сайып мерт кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM