Биз менен байланышыңыз

«Кылым аферисти» атыккан Бернард түрмөдө көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1597 | 0

10о миллиарддан ашык долларды алдап алуу боюнча 150 жылга эркинен ажыратылган америкалык алдамчы Бернард Медофф түрмөдө көз жумду. Бул тууралуу «Associated Press» жазды.

Маалымат булагы билдиргендей, 82 жаштагы туткун Түндүк Каролинанын Батнер шаарында табигый себептерден улам көз жумган. «Кылымдын аферисти» Бернард Медофф 2009-жылдын июнь айында инвесторлорду алдап кетти деп 150 жылга эркинен ажыратылган. Ал АКШнын тарыхындагы эң ири каржы пирамидасынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Алдамчылыктын курмандыгы жөнөкөй жарандар эмес, көптөгөн белгилүү музыканттар, кино жылдыздары, ошондой эле дүйнөдөгү ири банктар болгон.

Ал сотто АКШнын көзөмөл органдары менен инвесторлорун 20 жыл бою алдап келгени үчүн күнөөсүн мойнуна алган. Соттун чечими менен ал жабырлануучуларга дээрлик 171 миллиард доллар кайтарып бермей болгон.

Бирок федералдык өкмөт төрт миллиарддан бир аз көбүрөөк каражатты гана топтой алган. Алдамчылыктан келтирилген негизги чыгым болжол менен 65 миллиард долларга бааланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM