Биз менен байланышыңыз

Японияда пластикти суюк отунга айлантуу техникасы иштелип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1107 | 0

Япон илимпоздору катализаторду колдонуп, пластик калдыктарын суюк отунга жана момго айлантуучу жаңы технологияны иштеп чыгышты.

Илимпоздор бул ыкманы адамзаттын өткөн кылымдын ортосунда өнөр жай пластик өндүрүшү башталгандан бери топтолгон таштандыларды чийки затка айлантууга жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Технологияны иштетүү ыкмасы үчүн 199 градус цельсий температура талап кылынат. Ошондо таштандыларды кайра иштетип чыгууга мүмкүн болот.

Натыйжада, желим буюмдар 77 пайызга чейин суюк отунга, 15 пайызы момго айлана турганын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM