Биз менен байланышыңыз

АКШнын жаңы санкциялары Орусиянын суверендүү карызын бутага алат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1129 | 0

АКШнын Москвага каршы жаңы санкциялары Орусиянын суверендүү карызын бутага алат. Бул тууралуу «New York Times» жазды.

«Bloomberg» агенттигинин буга чейинки берген маалыматында, Вашингтон Орусиянын 12 жаранына, 20 уюмуна чектөө чараларын колдонуп, 10 дипломатты өлкөдөн чыгара турганын жазган. Бул аракеттер шайлоого кийлигишүүсү жана киберчабуулдардан улам колдонулуп жатканын кошумчалаган.

«Wall Street Journal» гезити АКШнын президенти Жо Байден америкалык банктардын Орусиянын мамлекеттик карыздары менен соода жүргүзүүгө тыюу салууну күчөтүү жарлыгын жазып чыккан.

АКШга жасалган киберчабуул декабрь айында белгилүү болгон. Бул киберчабуулга Орусиянын тиешеси бар делип Американын чалгындоо агенттиктери айтышууда. Бирок, кийинчерээк киберчабуулду уюштуруучулар купуя маалыматка ээ болгонун моюндашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM