Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Дүйнөдө кант диабети менен ооругандардын саны кескин көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1047 | 0

Акыркы 40 жылда дүйнөдө кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсе өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

«Диабет менен күрөшүү үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгы мурдагыдан да жогору. Акыркы 40 жылда кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсе көбөйдү. Коронавируска чалдыккан ооруканалардагы оор абалда жаткан бейтаптардын басымдуу бөлүгү да диабет менен оорушат», — деди Гебрейесус.

Анын айтымында, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө адамдар дары-дармектин жетишсиздигинен кыйналып жатышат. Бул өлкөлөрдө кант диабети менен ооруган адамдар глюкометр жана анализ тапшыра алышпайт.

ДССУ 14-апрелде — инсулин ойлоп табылганынын 100 жылдыгына карата диабет боюнча глобалдык келишимди сунуштамакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM