Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 305 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1123 | 0

Кыргызстанда 15-апрелге карата бир сутка ичинде 305 адамдан коронавирус табылды.

Анын 186 учуру Бишкекте катталды. Чүй облусунда — 89, Ысык-Көлдө – 12, Ош шаарында – 7, Жалал-Абад облусунда – 4, Талас облусунда – 4, Баткенде – 2, Нарын облусунда – 1 учур катталды.

Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду. 2020-жылы 14-декабрда 318 адамдан коронвирус табылган эле.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 91 миң 144кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде 178 бейтап айыкты. Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 86 491 болду.

Copyright © 2017 Maral FM