Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттик шайлоого даярдыктар башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1051 | 0

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата даярдануу программасын бекитти. Программа укуктук тармакты жогорулатуу, ошондой эле шайлоого катышууда жарандардын активдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 24-октябрында өтөт.

Буга чейинки президенттик шайлоо тунгуч президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 2016-жылдын 4-декабрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Ага 4 талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш менен жеңип чыккан.

Өзбекстанда президенттик кызматтын мөөнөтү — 5 жыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM