Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү программасы дүйнөлүк эмгек рыногуна чыгууга шарт түзөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2021 | 1302 | 1

Билим берүү жана илим министрлигинин 3 жылга каралган ири пландары негизинен чет жактан каржыланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдургүл Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүгө багытталган 3 сааттык программа Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланат. Долбоордун аталышы: «Келечекке кадам». Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоодо Азия Өнүктүрүү банкы да бар.

Каржылык институттар адам ресурсун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого кызыкдар жана артыкчылык берет.

Программада көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу жана алдыдагы максаттар сунушталды. Ал дүйнөлүк эмгек рыногуна чыгууга шарт түзөт. Дүйнөлүк жетишкендиктерди эске алуу менен синтез, анализ жана ишке ашыруу процесси эске алынган.

1 пикир

1 пикир

  1. Динара Дюшекеева

    21.04.2021 12:16

    Саламатсыздарбы? Билим аркылуу баардык нерсени жакшыртса болот, билим аркылуу баардык жакшы нерселерге жетээрибизди эч ким жокко чыгара албайт ,андыктан билим учун богон аракеттерди мен дайыма колдойм
    Догдуркул эже ишиниздерге дайыма ийгилик болсун!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM