Биз менен байланышыңыз

БШКнын алдында митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1521 | 1

Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг өткөрүп, ачкачылык жарыялоого тыюу салды. Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ошондой эле ал соттун чечиминин көчүрмөсүн жарыялады.

Анын маалыматына караганда, сот мындай чечимди район акимчилигинин арызынын негизинде чыгарган. Чечим нааразы партиянын өкүлдөрүнө берилген.

Бүгүн, 14-апрелде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына чатыр тигип, ачкачылык жарыялашты. Алар үч күн күтүшөрүн, ал аралыкта бийлик укпай турган болсо, акцияны токтотпой уланта беришерин айтышкан.

Милиция Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына тигилген чатырды алып салды. Коммунисттер партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаевге күч органынын өкүлдөрүнө баш ийбеди деген негизде 3 миң сом айып пул салынган. Акцияга чыккан партиялардын өкүлдөрү бул кадамды мыйзамсыз деп баалашууда.

Белгилей кетсек, сот Свердлов районунун аймагында ар кандай аракеттерге тыюу салган.

Кыргызстан социалисттик партиясынын өкүлү Нурбек Жоробеков партиясы ачкачылык акциясына кошулбоо чечимин кабыл алышканын, бирок жеке өзү активист катары шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптарды колдой турганын маалымдады.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Аскат

    14.04.2021 19:17

    Бул дагы жаңы Конституция күчүнө кире электеги көрүнүш. Күчүнө кирсе бийликтен уруксат сурап митинг өткөрүп каласыңар. Албетте бийлик уруксат бербейт, болбой эле чыккандарды кармап, административдик жазага тартат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM