Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1146 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бүгүн, 14-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отуруму уланды. Анын жүрүшүндө судья Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады.

Ошондой эле сот процесси экспертизанын жыйынтыгы чыкканча жылдырылды.

Жолдубаеванын айтымында, бүгүнкү отурумга Равшан Жээнбеков да барган эмес. Жактоочулары анын ооруп жатканы тууралуу маалымкатты көрсөтүштү.

Дарыгерлер Жээнбеков коронавирус жуктурган деп божомолдоп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM