Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1131 | 0

Америка президенти Жо Байден Рамазан айынын башталышы менен мусулмандарды куттуктады. Байден мусулмандарга карата терс пикирлерди жана кол салууларды болтурбоого чакырды.

Адам укуктарын, анын ичинде Кытайдагы уйгурларды, Аракан штатындагы мусулмандарды жана дүйнөдөгү бардык мусулмандар коомчулугу үчүн коргоо улана тургандыгын айтты.

Ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келген мусулмандардын эмгегин баалап, өзгөчө COVID-19га каршы вакцинаны иштеп чыгууда кошкон салымдары чоң экендигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM