Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Торугарт унаа жолунда 7 адам жабыркаган жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1105 | 0

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында (Киргшелк айылы) «Mercedes-Benz Sprinter» унаасы менен «ЗИЛ-130» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 14-апрелде болжол менен саат 14:00 чамасында катталган.

Кырсыктын кесепетинен жети адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда абалдары орто экендиги кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM