Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөлүк рекорд катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1109 | 0

Акыркы суткада Индияда 184 миң 372 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки дүйнө жүзүндөгү рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Буга чейин бир да өлкөдө бир суткада мынчалык адамдан COVID-19 тастыкталган эмес. Ошондой эле соңку 24 саатта Индияда коронавирус жуктурган 1027 адам көз жумду.

Акыркы күндөрү Индияда коронавирус жуктурган адамдардын саны өсүүдө. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, аталган өлкөдө жалпы 13,8 млн адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын ичинен 172 миң адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM