Биз менен байланышыңыз

БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибин жарыялады

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1056 | 0

Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоо тилкеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан эки нускада түзүлөт жана ага катышкан шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коёт. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эки нускада түзүлгөн жыйынтыктуу таблицасы, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү өткөндөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоонун натыйжаларын участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде аныктайт.

«Шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизген мыйзам бузуулар деп жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу менен байланышкан, добуш берүү учурунда шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар эсептелет. Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы арыздардын негизинде, 8 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүлөрдү жараксыз деп тапкан.

Шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларына шайлоо мыйзамдарында участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арыздарды берүүнүн үч күндүк мөөнөтү каралгандыгын маалымдайбыз. Ошол эле учурда бардык арыздар далилденип, далилдер менен тастыкталууга тийиш экендигин эскертебиз.

Ошентип Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч күндүк мөөнөттү күтөт (14-апрелине чейин), андан кийин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат»,- деп жазылат маалыматта. 

БШК ошондой эле укук коргоо органдарынын кароосунда турган мыйзам бузуу фактылары боюнча иш улантылып, тиешелүү чаралар компетенттүү органдардын корутундусу боюнча кабыл алынарын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM