Биз менен байланышыңыз

«COVID-19суз саякаттайм» тутумун 2 миңге жакын кыргызстандык колдонду

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1247 | 0

2021-жылдын 14-апрелине карата «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун маалыматтык тутумун 2 миңге жакын кыргызстандык, тактап айтканда, Бишкек шаарынан 1155 жаран, Ош шаарынан 767 жаран колдонду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашкан «COVID-19суз саякаттайм» платформасы Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикалык абалын калыбына келтирүү максатында ишке кирген. Мобилдик тиркемени колдонуучу лабораторияларда өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгын уюлдук телефондун жардамы аркылуу ыкчам, жеткиликтүү алууга жана долбоордун тутумуна кирген өлкөлөрдүн көзөмөл түйүндөрүндө жашыл QR-код түрүндө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумунун улуттук жана лабораториялык компоненттери Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун серверлеринде жайгаштырылган.

Маалыматтык тутумга тесттик режимде эки мамлекеттик вирусологиялык лаборатория (Бишкек шарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору) кошулган. Лабораториядагы адистер долбоордун маалыматтык тутуму менен иштөө боюнча окуудан өткөн.

Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен биргеликте «Бонецкий», «Гемотест», «Aqua lab», «Интермедикал» атуу 4 жеке лабораторияны «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумуна кошуу боюнча иштерди аткарууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM