Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда бардык унаалар ак түстө болсун деген талап киригизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1334 | 0

Түркмөнстанда бир түстөгү унаа айдоо талабы киргизилди. Жаңы талапта: «Транспорттук каражаттын бардык бөлүктөрү, анын ичинде заводдук унаалар да ак түстө болушу керек» деп жазылган.

Унааларга карата жаңы талаптар апрель айында массалык техникалык кароо (МОТ) башталганда эле айтылган. Эми мамлекеттик мекемелердин бардык унаалары, анын ичинде автобустар, жеңил автоунаалар, почта транспорттор толугу менен ак түстө болот.

Буга чейин бул талап жеке менчик унааларга гана тиешелүү болгон. Коюлган талаптар аткарылбаса, айып пул салынып, унаа токтотуучу жайга жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM