Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ишкер аялды уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1089 | 0

Ош шаарында ишкер аялды уурдап кеткен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде ички иштер органдарына арыз түшкөн. Анда 10-апрель күнү болжол менен кечки саат 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам жабырлануучуну (аял киши) чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкени айтылган.

Коркутуп коюуну максат кылышкан белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткени маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

11-апрель күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Ош облусунун Алай районунун 38 жаштагы А.Э. аттуу жашоочусу башкарган «Mitsubishi» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Ошондон көп узабай эле Кара-Кулжа районунун 43 жаштагы тургуну А.С. менен Алай районунун 39 жаштагы тургуну П.С. кылмышка шектелип кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жарандар аялды акча өндүрүү максатында уурдашкан.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM