Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы келет

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1131 | 0

Кыргызстанга май айында коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын 420 миң дозасы келет. Бул тууралуу республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бул вакцинанын Кыргызстанга алып келүү 2020-жылдын сентябрь айында эле макулдашылган.

«Бирок вакцинанын терс таасири тууралуу маалымат тарагандыктан Кыргызстан аны алууну убактылуу токтоткон. Кийинчерээк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму терс таасирдин «AstraZeneca» вакцинасына тиешеси жоктугу жөнүндө корутунду чыгарган. Бир катар өлкө эмдөө иштерин жандантты. Кыргызстан кирген «COVAX» программасы КМШ өлкөлөрүнө вакцина бөлдү. Ага ылайык, Өзбекстанга 660 миң доза, Кыргызстанга 420 миң доза, Тажикстанга 290 миң доза берилет. Бул — биринчи этап, экинчи этапта биз башка вакцинаны да тандасак болот», — дейт ал.

Ишенапысова Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасы май айында келерин белгилеп өттү.

Эске салсак, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 3 миңге чукул адам эмдөө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM