Биз менен байланышыңыз

«Блокчейн системасы менен шайлоолорду 20 миң сомго өткөрүүгө болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1405 | 0

Блокчейн системасы менен шайлоо өткөрүү арзан. Мисалы, Кыргызстанда бир шайлоо өткөрүү үчүн 20 миң сом гана сарпталат. Бул тууралуу блокчейн технологиясы боюнча IT адиси Керим Капаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда БШК жаңы технологияларга ачык эмес. Бир чети, блокчейн жаңы технология болгондуктан дүйнөгө көп тарай элек.

Блокчейн технологиясына жазылган маалыматтар өчпөйт. Анткени маалымат жүз миңдеген көчүрүү менен бардык серверге тарайт. Дүйнөнүн баарын кыдырып, ал маалыматты өчүрүү мүмкүн эмес.

Бир топ мамлекеттер электрондук шайлоону блокчейн системасында өткөрүшөт. Анткени бул — ишенимдүү, ачык система. Маселен, жарандар БШКнын компьютеринде эмне болуп жатканын билишпейт. Ал эми блокчейнде каалаган адам көрө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM