Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун 240 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1314 | 0

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында эмделип жаткан. Муну менен вирустун айынан каза болгондордун жалпы саны 1534кө жетти.

Акыркы сутка ичинде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкек шаарында. Аймактар боюнча алсак:

Бишкек — 133;
Чүй облусу – 85;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Баткен облусу — 2.

COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 839га жетти.

Соңку сутка ичинде 161 адам айыгып чыкты. Коронавирус жуктуруп алган жалпы 86 313 бейтап сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM