Биз менен байланышыңыз

Китепканачылар үчүн 3 күндүк окутуу-тренинг башталды

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1255 | 0

Ош шаарында китепканачылар үчүн 3 күндүк окутуу-тренинг башталды. Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ЮНИСЕФтин колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тренингге Ош шаарындагы 50 китепкананын (анын негизинде Баланы өнүктүрүү борборлору иштей баштайт) китепканачылары катышууда. Ушундай эле тренингдер ушул жылдын 20-22-апрелинде Бишкек шаарында да өткөрүлөт.

Окутууда инклюзивдик билим берүү принциптери, ошондой эле гендердик айырмачылык да эске алынып, тестиер балдардын аң-сезимин өнүктүрүүнү жана коомдогу ордун табууга көмөктөшүүнү максат кылган үч күндүк окутуу тренинг-модулу даярдалды.

Тренингдердин максаты – китепканачыларга балдарды өнүктүрүү борборлорунда мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөдө методикалык жардам көрсөтүү.

Бул күндөрү китепкана кызматкерлери мектепке чейинки курактагы балдардын жаш курактарынын өзгөчөлүктөрү, балдарды эрте өнүктүрүүнүн жана окутуунун маанилүүлүгү, балдардын мектепке сапаттуу даярдануусуна жетишүү үчүн ата-энелердин потенциалын көтөрүүдөгү жана жамааттарды мобилизациялоодогу китепканачылардын ролу тууралуу билип, наристелер менен иштөө методикасы, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө ыкмалары жөнүндө маалымат ала алышат жана фасилитатордун ролун аткарышат.

2018-жылдан баштап республика боюнча 50 китепканада алгачкы өнүгүү борборлору иштеп келе жатат. 1700гө жакын бала, анын ичинде өзгөчө муктаждыгы бар балдар китепканаларга барып турушат.

Иш Өкмөттүн 2021-жылдын 25-февралындагы №117 буйругу менен бекитилген «Социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жөнүндө» артыкчылыктуу иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM