Биз менен байланышыңыз

15-апрелде Жогорку Кеңеште карала турган маселелер (тизме)

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1138 | 0

Эртең, 15-апрель күнү саат 10:00дөн тартып Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталат.

Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.;

3. «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.;

4. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Бузуулар жөнүндө» кодексине, «Күрөө жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.;

5. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – Өкмөт;

6. «Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – Өкмөт;

7. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Масабиров Т.А.;

8. «2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору. Биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Өкмөт;

9. «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Өкмөт;

10. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Биринчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.;

11. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Өкмөт;

12. «Кыргыз Республикасынын президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 3-февралындагы №4366-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С., Эсенаманов З.С., Маматалиев М.А.).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM