Биз менен байланышыңыз

Кытай дарыгери вакциналары эффективдүү болбой жатканын моюндады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1292 | 0

Кытайлык медициналык жогорку даражалуу чиновник кытай коронавирусуна каршы вакциналардын эффективдүүлүгү төмөн экендигин моюнга алды. Бул тууралуу Кытайдын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Гао Фу 10-апрелде, Чэнду шаарында өткөн пресс-конференцияда билдирүү жасаган.

Натыйжада эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды айкалыштырыш керек экенин кошумчалаган.

Буга чейин Кытай бийлиги коронавирустук вакцинаны өнүгүп келе жаткан 69 өлкөгө бекер берип жана дагы 43 өлкөгө дары сатып жаткандыгын тышкы иштер министри Ван И билдирген.

Ал арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге 1 млн. доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Учурда Кытайда вакцинанын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 миллион киши алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM