Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор текшерилүүдө

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1121 | 0

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына текшерилип бүткөндөн кийин жайгаштырылат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин протокол шайлоочуларды идентификациялоо боюнча баштапкы, акыркы текшерүүлөр жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоо үкөктөрү автоматтык түрдө окулат. АСУ аркылуу сканерден өтүп, БШКнын борбордук серверине жөнөтүлдү.

Учурда шайлоо жыйынтыктары тууралуу протоколдор 50 пайыз жарыяланган.

Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM