Биз менен байланышыңыз

Түп районундагы жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1288 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда 12-апрелде түнкү саат 23:14төр чамасында 3 адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) «Toyota Camry» жана «Ауди С-4» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктан 19 жана 18 жаштардагы үч жигит каза болуп, дагы үч адам жабыркаган. Алар 20-21 жаштагы балдар.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM