Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Мурда жасаган кылмыштары үчүн 3 талапкер кармалган

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1351 | 0

Мурда жасаган кылмыштары үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн. Иш алдамчылыкка жана башка адамга тиешелүү болгон мүлктү өздөштүрүүгө байланыштуу экени айтылды.

Ошондой эле прокуратура органдарына шайлоо мыйзамын бузуу тууралуу 32 кайрылуу түшкөн.

Прокуратура органдары интернет тармактарына көзөмөл жүргүзүп, кылмыштар боюнча 13 материал, жоруктар боюнча 4 материалды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. 2 иш БШКга жөнөтүлдү, 1 иш каралып жатат. Ошондой эле, 1 прокурордук жооп актысы киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM