Биз менен байланышыңыз

БШК: Белги коюлган беткаптарды текшерип жатабыз (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 2222 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев Ош шаарындагы №5278 шайлоо участогунда добуш берүүгө келген айрым жарандарга атайын белги коюлган беткаптар таратылып жатканы тууралуу түшүндүрдү.

Анын айтымына караганда, белги коюлган беткаптар тууралуу маалымат Ош шаардык аймактык комиссиясына, ошол жердеги укук коргоо органдарына берилди. Текшерүү жүрүп жатат.

Бүгүн Азамат Бакиров аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасында атайын белги коюлган беткаптар таратылып жатканы жөнүндө сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, бир топ шайлоочуга атайын кагаз тешкич менен тешилген беткаптар таратылган. Фейсбук колдонуучунун айтымында, айрым партиялар добуш сатып алуу үчүн ушундай ыкманы колдонууга аракет кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM