Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров шайлоо жана референдумга добуш берди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1609 | 0

Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берди. Ал Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесине барды.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Эртең мененки саат 08.00гө карата өлкөдөгү добуш берүү тилкелери ачылды. Жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM