Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Он эки күндө 1820 адам эмделди

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1344 | 0

Коронавируска каршы эмдөөнүн он үчүнчү күнүндө 541 адам вакцина алды. Жалпы вакцина алгандардын саны 1820га жетти. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Вакцина алгандардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаарында – 349 (акыркы суткада– 43)
Ош шаарында – 349 (акыркы суткада – 66)
Чүй облусунда– 201 (сутка ичинде– 50)

Ош облусунда — 530 (бир суткада – 211)
Ысык-Көл облусунда — 119 (акыркы суткада – 21)
Нарын облусунда — 243 (акыркы суткада– 132)
Жалал-Абад облусунда — 12 (акыркы суткада – 12)
Баткен облусунда — 17 (акыркы суткада – 6)

Эскерте кетсек, кечээ, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM