Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жол чарба департаменти өлкөнү 49 млн сом зыянга учураткан

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1682 | 0

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылы департамент жол тейлөө мекемелерин унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү заттар менен камсыз кылуу максатында тендер аркылуу «жол битуму» майын өндүргөн продукцияны сатып алган.

Башкармалыктын жооптуу адамдары, аларга баш ийген жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен алдын ала макулдашып, сатылып алынган чийки заттын көпчүлүк бөлүгүн жеке компанияларга саткан. Ошол эле учурда сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн. Бул иштин кесепетинен өлкө казынасы 49 миллион сомдон ашык зыянга учураган.

Кечээ, 8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип Чүй облусунун унаа жолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери «А.Р.А.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM