Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосунун Рамазан айына карата атайын уктуруулары (тизме)

Блог , Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2041 | 0

Кыргызстанда ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталат. «Марал» радиосунун жамааты да сиздин ибадаттарга жардамдаш болуу максатында күнүмдүк программасын учурга жараша өзгөрттү.

Ооз бекитүү убактысына чейин Куран окулат (40 мүнөт-1 саат) Кыргызстандын карылары «Ыйык Куран» китебинен күн сайын бир пара окуп турмакчы. 30 күндүк Орозо айында угармандарга «Куран» китебин толугу менен угуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.

«Орозодо китеп ук» долбоору

Күн сайын саат 15:15те угармандарга китеп окуп беребиз. Куттуу Орозо айынын урматына диний багыттагы китептерди сунуштайбыз. Алгач орозо тууралуу кеңири түшүнүк берилген «Ырайым жааган Орозо» китеби эфирге коюлат.

 «Береке айы Рамазан» программасы

Бул берүүдө дин аалымдары менен маек болуп, көрөрман, угармандар үчүн керектүү кеңештер айтылат. 40 мүнөттүк берүүнү “Марал” радиосунан угуп, Фейсбуктагы баракчабыздан жана «24 ТВ» каналынан көрө аласыздар. Программа күн сайын ооз ачарга 40 мүнөт калганда башталып, соңунда ооз ачар дубасы кылынат.

Ооз бекитүү жана ачуу убактыларында эфирден азан айтылып турмакчы.

“Укма китеп” уктуруусу

«Укма китеп» уктуруусунан орозо айында саат 22:05те күн сайын «Бай мусулман» китеби көркөм окулат.

Ошондой эле маал-маалы менен хадистер жана диний ырлар, окуялар да коюлат.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Эми күн сайын радиодон төмөнкү программаларды уга аласыз🤗:

Убактысы  Программалар
Ооз бекитерге чейин

 

 Ыйык Куран китебинен күн сайын бир пара окулат
Ооз бекитүү маалында  Азан
11:00  Турмуш Сабактары
13:00  Турмуш Сабактары
15:15  “Орозодо китеп ук” долбоору (“Ырайым жааган Орозо” китеби)
Ооз ачарга 40 мүнөт калганда  “Береке айы Рамазан” ТВ-радио программасы (ооз ачуу убактысына карап жылып турат)
Ооз ачуу маалында  Азан
22:05  “Укма китеп” долбоору (“Бай мусулман” китеби)

Рамазан айы — сооп чогултуунун айы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM