Биз менен байланышыңыз

Рамазан айы — сооп чогултуунун айы

Коом | 3 мая 2019 | 1275 | 0

Саналуу күндөрдөн кийин Исламдагы ыйык айлардын бири Рамазан кирип келет. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңеши буга чейин орозо 6-майда башталарын кабарлаган. Ушундан улам, биз тиешелүү тараптарга орозого байланыштуу суроо салдык.

Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр Токтогазы уулунун айтымында, динде орозо кармабоого айрымдарга уруксат берилет. Бирок шарият боюнча белгилүү себептер менен орозо убагын өткөрүп жибергендер казасын кармап берүүсү зарыл.

— Кош бойлуу аялдарга, ачка жүрүүгө мүмкүн болбогон оорусу барларга орозо кармабоого шарият уруксат берет. А бирок, аялдар боюнан бошонгондон кийин, оорулар сакайгандан кийин кармай албай калган күндөрүнүн казасын тутуп бериши керек. Казасын тутуу айрым бир себептерден улам, күнүн өткөрүп ийгендерге да тиешелүү. Ал эми кары-картаңдар тута албаганына байланыштуу фидя беришет. Тактап айтканда, ар бир күн үчүн муктаждарга 120-150 сом өлчөмүндө садага беришет. Ал эми быйылкы битир садага 5 баада белгиленди: ун менен 40 сом; буудай менен 35 сом; мейиз менен 384 сом; арпа менен 48 сом; курма менен 480 сом;

Орозо айында адамзатка руханий жана материалдык жактан даярдык көрүү сунушталат. Мисалы, таң азандан кечке чейин ачка калуу менен бирге, жан дүйнөнү да тазалоо керектиги адабияттарда айтылат. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушев Рамазан күндөрү аткарылган жакшы амалдар эселеп соопко ээ болорун айтат.

— Тилди зикирге көндүрүшүбүз керек. Рамазанда аткарылган парздардын сообу жөн учурда аткарган парздардыкынан 70 эсе көп болот. Ал эми нафилдер парздын сообуна тете болот. Бул ай — сооп чогултуунун айы.

Бир жылда бир ай орозо кармоонун пайдасы тууралуу илимпоздор да тастыкташкан. Эртеден кечке ачка жүргөн адамдын организми өзүн өзү жеп, ичтеги уулуу заттарды тазалап салары далилденген. Айрым адистер бир ай орозо кармоо жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын да белгилешет. Бирок орозо кармоодо сөзсүз алдын ала дарыгер менен кеңешүү керектигин эскертишет. Үй-бүлөлүк дарыгер Динара Самидинова кан басымы жогоруларга орозо кармоо сунушталбай турганын айтат.

— Кан басымы жогоруларга, кант диабети менен жабыркагандарга орозо кармоо мүмкүн эмес. Ал эми ашказаны ооругандарга тескерисинче пайдалуу. Анткени, организм тазаланат. Жеңил оорусу барлар дарыгер менен кеңешип кармаса болот.

Медицинада ооз бекитерге жана ооз ачарга туура азык-түлүк тандоо сунушталат. Эртең мененки тамак күчтүүрөөк, кечки тамак жеңил болушу шарт.

Copyright © 2017 Maral FM