Биз менен байланышыңыз

Айт намазынын убактысы айтылды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 3057 | 0

Орозо айт намазы 5-июнь күнү Эски аянтта окулат. Мындай маалыматты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, айтка арналган иш-чара таңкы саат 06:00до башталат. Алгач бир саат дин аалымдары баян айтат. Андан соң муфтий жана расмий өкүлдөр куттуктайт. Намаз саат 7:30да окулат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы Орозо айтты 5-июнда белгилөө боюнча чечим чыгарган болчу.

Ал эми айт намаз кантип окуларын төмөнкү видеодон билип алыңыз:

Copyright © 2017 Maral FM