Биз менен байланышыңыз

АЗЫР КУРСАК КУРУЛДАЙБЫ?

Блог | 7 мая 2019 | 946 | 0

Анда 1- курспуз. Сабак учурунда группалаштарыбыздын ичи курулдаган кезде, өзүнчө оркестр болуп кетер эле. Ичиӊди басып, ары- бери кыйшаӊдап ийгениӊе карабай, курулдап- шурулдап барып, анан жай алчу бечара. Азыр ичи курулдаган студент барбы?..

Анда ичтин курулдап турушун көйгөй деп ойлочумун, көрсө ичибиздин курулдабай калышы көйгөй болорун эми билдим. Адам денеси билгенге бир чоӊ машина сыяктуу, анын негизги тетигинин бири – ашказан. «Адам ачка болгондо гана тамак ичсин, суусаганда гана суусунун кандырсын. Калган учурда үстү-үстүнө ичиле берген тамак ууга айланат да, дененин тетиктерин иштен чыгарат», — деген акылдуу китептердеги жазуулар эмнени билдирет?

Бүгүнкү «аш көп болсо, каада көп болгон» кыргыз жашоосундагы ашказандарга, ашказанга жардам берип жаткан башка органдарга эс алуу тартуулаган ОРОЗО айы келе жатканына биз эмес, биздин мүчөлөрүбүз кубанган сыяктуу.

Биринчи ток адамды айтайын, канчалык көп, ылгабай жесек, бара-бара жеген нерсенин даамын сезбей калабыз. Даамын сезбей жеген тамак адамга рахат бербейт. Рахат албастан ичкен тамак таштанды челекке куюлган жугунду сыяктуу. Эгер биздин курсагыбыз таштанды челекке айланган болсо, рух казанга таасир берип, аалам менен болгон байланыш каналдарыбыз бүтөлөт. Каналдарыбыз бүтөлгөн күндөн баштап, биз АДАМДЫК насилибизди жоготуп, айбандаша баштайбыз. Кудум чочко сыяктуу.

Баары курсактан! Керек болсо сиздин акылыӊыздын тунуктугу, иштеги ийгиктериӊиз, сизден тараган таза муун, сиз жараткан эмгектер, сиз жасаган бардык иштер тууралуу сөз кылардан мурун ичкен-жегениңе көӊүл бөл дешет адистер. Ооз — адам баласындагы кичинекей тешик. Ошол тешиктин жаман нерселерден тыйылышы — ЧЫНЫГЫ ЖАШОО, ошол тешиктин колуна келгенин ылгабай сугунушу — КЫЙРООДУР.

АЧКАЧЫЛЫК эмне берет? Ичпеген, жебеген адам периштеге окшошо баштайт. Ичпеген кезде дене тетиктериӊ эс алып, сага рахмат айтат. Рахмат айткан ар бир орган ачкалыктан жээр тамагы жок ичиӊдеги зыяндуу таштандыларды жана ооруларды жеп, ден соолугуӊ онолот. Сенин ашказаныӊ кадимки казан сыяктуу, бир нече күн ачка болуу казанды тазалаганга барабар. Тазалык акырындан адам жан дүйнөсүнө таасир берип, адам айланага көз чаптырат, өзү кыска убактагы тамак азабын өмүр бою тартып жашагандарга боору ооруйт, боору ооруй алган адам жеген нанын бөлүшөт. Нанын бөлүшө алган адамды кыргыз КОЛУ АЧЫК деп коёт. Анан ошол эле саам, колу ачык адамдын, жолу ачык болорун кыргыз өтө жакшы билген.

Сыркоологон адамга ачкачылык кандай пайдалуу болсо, жан дүйнөсү майып адамга да ачкачылык так ошондой дары.

ОРОЗО айы — майыптыктан арылуу айы! Куш келипсиң, Рамазан!

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM