Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Мурунга дары тамчылатуу орозону бузат

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 1384 | 0

Мурунга дары тамчылатуу орозону бузат. Анткени, мурун аркылуу дарынын даамы тамакка кетип калышы ыктымал. Бирок ооруну басаңдатуу максатында көзгө дары тамчылатууга болот. Бул тууралуу Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ийне алуу да (укол) орозону бузат. Ооз бекитүүдөн мурда тиштерди тиш пастасы менен жууган оң. Анткени, орозо кармаган адамдын тамагына эч кандай даам кетпеши керек.

«Мындан улам, мүмкүн болсо ооз бекиткен соң, тишти паста менен жуубай койгон дурус. Анткени, даамы тамакка кетип калуу коркунучу бар. Ал эми шилекейди жутса болот. Бирок атайын, аз да болсо суусунду кандыруу максатында топтоп жутууга болбойт. Саарлыкка турбай калса, же күчтүү тамак жесе, адам суусайт. Бул оозду улам суу менен чайкаш керек деген түшүнүк эмес. Орозо адам жуунса болот, ал орозону бузбайт. Бирок денеге кулак, ооз, мурун аркылуу суу кирип кетүүсүнө жол бербөө зарыл. Орозо адам байкабай тамак жеп алса, оозун ачпай туруп карай улантса болот», — дейт Ибраев.

Анын билдиргенине караганда, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дарыгерлердин чечими менен орозо кармабай койсо болот. Кийин кармап берет.

Мындан сырткары, орозо маалында тишти текшерсе болот. Бирок, тиш катуу ооруп жаста, жулганда атайын дары сайылгандыктан, бейтаптын орозосу бузулат. Андыктан, бейтап каза болгон күнүн кийин кармап берсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM