Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги инновациялык олимпиаданын өзгөчөлүгү

Коом , Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1820 | 0

Бишкек шаарында «Steppe Learning KG» тил үйрөтүү борбору менен Бишкек шаардык мэриясы биргеликте уюштурган англис тили боюнча инновациялык олимпиада болуп өттү. Окуучулар үчүн алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан өзгөчө олимпиадага өлкөнүн бир катар мектептеринен келген 8-11-класстын 40 окуучусу катышты. 

Олимпиада 3-4-апрелде борбор калаадагы «Газпром» борборунда өткөрүлдү. Ага катышкан 40 окуучу буга чейин райондук жана шаардык олимпиадаларды жеңип келген. Мелдеш үч этапта жүрдү. Алгач окуучулар эссе жазса, андан кийин комьютердик тесттен өтүп, соңунда аңгемелешүү жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева айтып берди.

«Окуучулар аябай жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Инновациялык ыкманы колдонуп, балдарга англис тилин үйрөтүүгө чоң жол ачылды. Бул – англис тилин дагы да мыкты өздөштүрүүгө сонун мүмкүнчүлүк берген биринчи сыноо кадамы болду. Мындай олимпиада тынымсыз өткөрүлүп турат деп ишенебиз. Олимпиада жөнүндө маалымат кеңири таркатылган. Ага катышууну каалагандар көп болду, бирок тилекке каршы, 40 гана орун бар болчу», – деди Иманалиева.

Олимпиадада колдонулган ыкма англис тилин 6 айда 100% билүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтат вице-мэр Айжан Чыныбаева. Ал аталган методиканы өзү да сынап көрүп, балдар, мугалимдер, окуучулар, дегеле бардык адамдар үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу экенин баамдаган.

«Тилекке каршы, англис тилин окутуу жетиштүү деңгээлде эмес. Англис тилинин жардамы менен бала илимдин, маданияттын жана бардык жаңылыктардын кеңири дүйнөсүнө кире алат. Ошондуктан ушул жетишкендиги үчүн өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет. Мен бул техниканы өзүм да сынап көрдүм. Методика балдар үчүн абдан кызыктуу, мугалимдер материалды балдар кандайча оңой өздөштүргөнүнө кубанып жатышат», — деди Чыныбаева.

«Steppe Learning KG» тил үйрөтүүчү курсунун директору Айнура Сагынбаева аталган олимпиаданы Нарын жана Караколдо өткөрүү боюнча мэриядан кайрылуу келип түшкөнүн маалымдады. Ал Кыргызстан 30 жылдан бери ар кандай реформаларды жүргүзүп келе жатканына карабай, жыйынтыгы жок экенине кейип, өлкөгө жаңы ыкма, инновацияларды киргизүү керектигин айтты. Ошондой эле олимпиаданын бир нече маанилүү максаттарына токтолду.

«Биринчиден, биз Кыргызстанда Американын жаңы технолгиялары бар экенин көрсөткүбүз келди. Бул методика 4 жаштан баштап бардык балдарга, чоңдорго, студенттерге, мамлекеттик кызматкерлерге, дарыгерлерге англис тилин аз убакыттын ичинде үйрөнүүгө шарт түзүп берет. Эң маанилүү максаты — мэрия, билим берүү мекемелери жана өнөктөштөрдүн пайдалуу жана кызыктуу кызматташтыгын көрсөтүү болуп саналган. Жыйынтыгында биз жогорку деңгээлдеги олимпиадаларды өткөрө аларыбызды көрдүк. Мен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында ушундай олимпиадаларды өткөрүп турсак деп кыялданам. Балдардын күйүп турган көздөрүн көрүү мага аябай жакты, алардын бардыгы ыраазычылыктарын билдиришип, мындай олимпиага биринчи жолу катышып жатышканын айтышты», — деди Сагынбаева.

«DynED» техникасы Чехия, Түркия, Япония, Малайзия өлкөлөрүнө таанылган. Бул ыкма англис тилин 10 жылда эмес, кыска убакыттын ичинде төрт баскычта: угуу, түшүнүү, сүйлөө, окуу жана жазуу боюнча да үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледждин директорунун өнүктүрүү иштери боюнча орун басары Елена Ли Барановски жеңүүчүлөр өзү иштеген окуу жайга жеңилдетилген шартта кабыл алынарын билдирди.

«Инновациялык олимпиаданы жеңгендер бүгүн сертификат алышат. Ошондой эле 40 окуучуга бир ай акысыз негизде англис тилин окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал балдарга БААУнун алдындагы Инновация колледжине окууга арзандатуулар берилет», — деди ал.

Бүгүн 3-4-апрелде болуп өткөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сертификат жана белектерди тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 40 окуучу Инновация колледждин 30% арзандатуулар, планшет, үч айлык акысыз англис тилин окуу курсуна сертификат, англис тилиндеги китептер жана кулакчын белекке алышты.

Copyright © 2017 Maral FM