Биз менен байланышыңыз

Президент дары-дармектерди жетиштүү камсыздоону тапшырды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1687 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыкты сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери пандемиянын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынганы жөнүндө маалымат беришти.

Президент Садыр Жапаров медициналык мекемелерди дары-дармектин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча койка-орундарды уюштуруу милдетин койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системалардын кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM