Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жылда 92 ала качуу катталды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1662 | 0

2020-2021-жыл аралыгында Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоо фактылары боюнча 92 сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык милициясынын маалымат жыйынында белгилүү болду.

Бөлүмдүн кызматкеринин айтымында, аталган иштердин 75и токтотулуп, сегиз факты тастыкталып, шектүүлөр кармалып, иштер сотко өткөрүлүп берилген. Учурда тогуз иш тергелип жатат.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM