Биз менен байланышыңыз

«Өчпөс отту» өчүргөн балдар кечирим сурады

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1562 | 0

Милициянын кайгуул кызматы Бишкектин Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отту» өчүрүүгө аракет кылган жигиттерди кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Социалдык тармактарда Бишкектин борборунда «Өчпөс отту» өчүргөн балдардын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жигит ТикТок тармагына видео тартып, өчпөс отту өчүрүүгө аракет кылышкан.

Бул жосун коомчулукта сынга кабылды.

Бишкек боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.у. А. аттуу жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Ал кылыгын мойнуна алып, «хайп» үчүн жасаганын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.

Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине арналып орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM