Биз менен байланышыңыз

Дашков темир жол кызматкерлеринин айлыгын жогорулатып берди

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1423 | 0

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков темир жол кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатып берди.

Мындай маалымат ишкананын расмий сайтына 6-апрелде жарыяланды.

Пандемия шартында азык-түлүккө, медициналык каражаттарга болгон баа жогорулап, жумушсуздук күчөдү. Муну эске алып, “Кыргыз темир жолу” ишканасы 5 миңден ашык кызматкердин айлыгын жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Маалыматка караганда, 1-апрелден тарта учурдагы бир сааттык эмгек акы 5 пайызга көтөрүлгөн.

Жакында эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков кызматынан бошотулганы айтылган. Бул маалыматты Транспорт министрлигинин маалымат кызматы тастыктап, Дашков премьер-министр Улукбек Мариповдун 26-марттагы буйругу менен иштен кеткенин билдирген.

Ишкананын маалымат кызматы 30-мартта бул билдирүүнү төгүндөгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM