Дүйнө тарыхында көптөгөн революциялар болуп өткөн. Анын жыйынтыгы ар кайсы өлкөдө ар башка болгон. Бирок көбүнчө дүйнөлүк тарыхта жемиштүү, максатына жеткен төңкөрүшөр көбүрөөк айтылып келет. Бул жерде биз өлкөгө өзгөрүү алып келген революциялар тууралуу кеп кылабыз.
1917-жылдагы Октябрь революциясы
Орусия менен Жапониянын ортосунда болгон согуш, андан кийинки биринчи дүйнөлүк согуш элди каржылык-экономикалык жактан бир топ алсыратып, жакырчылык чегине жетип турган. Бир жагынан ачарчылыктан, бир жагынан тынымсыз согуштардан жадаган эл алгач 1905-жылы, андан кийин 1907-жылы көтөрүлүшкө чыгып, бирок бийлик тарабынан аёосуз басылган. Көтөрүлүш басылганы менен падышалык Орусияга каршы чыгып, революциячыл күчтөрдү жактагандардын катары улам көбөйүп жүрүп отурган. Мындан улам 1917-жылы дагы бир жолу көтөрүлүш жасалып, падышалык Орусиянын жеңилиши, падыша Николай IIнин тактан кулап, сүргүнгө айдалышы менен аяктаган. Орусиянын колониалдык саясатына каршы чыккан кыргыз менен казактын Улуттук боштондук көтөрүлүшү да бул революциянын ишке ашуусуна да кандайдыр бир таасирин берген. Улуу Октябрь социалисттик революциясы деген ат менен тарыхта калган бул төңкөрүш Орусия жана анын карамагындагы (колония) өлкөлөргө чоң өзгөрүү алып келген. СССР деген чоң империянын жаралуу тарыхы ушинтип башталган.
Улуу Француз революциясы: 1789-1799-жылдар
Феодалдык-абсолюттук бийликтин адилетсиз башкаруусу, каатчылык, жакырчылык элди көтөрүлүшкө түрткөн. Эл Францияны Европадагы өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн катарында болуусун каалаган. Революция 10 жылга созулган. Ал аралыкта бир нече ирет бийлик алмашкан. Революциядан кийин жаңы Франция пайда болуп, жаңы демократиялык коомду курушкан. Мамлекет көп өтпөй кубаттуу империяга айланган.
Германияны өзгөрткөн революциялар (1849-ж, 1918-ж)
1848-1849-жылдары Европада буржазиялык революциялар орун алган. Алардын бири Германияда болгон. Бул мезгилде бүткүл Европада таптык бөлүнүү күч эле. Андан тышкары Германия 39 майда хандыкка бөлүнүп турган. Бытырандылык чегине жетип, капитал бир кыйла төмөндөп кеткен. Цензуралык кысым күчөгөн.
Элдин негизги талабы бирдиктүү Герман мамлекетин куруу болгон. Бийликтин каттуу каршылыгына карабастан элдик-боштондук күрөш күчөп, жыйынтыгы бийликтегилер элдин талабын аткарууга мажбур болушу менен аяктаган. Өлкө өнүгүүгө карай кадам таштаган. Германия аз убакыттын ичинде экономикалык көрсөткүчү, калктын турмушу боюнча дүйнөдө алдыга озуп чыккан.
1918-жылдагы Германиядагы революциянын себеби белгилүү болчу, биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилип калган Германия империясында ачарчылык, экономикалык төмөндөө күч болуп турган. Элдик көтөрүлүш революция болуп ишке ашып, аз убакыттын ичинде Германия талкаланган экономикасын оңдоого жетишкен. 15 жыл ичинде кайрадан дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкөгө айланган.
Иран Ислам революциясы: 1979-жыл
Иран ХХ кылымдагы эң артта калган монархиялык өлкө болгон. Көз карандысыз деп эсептелгени менен экономикалык жактан дээрлик капиталисттик батыш өлкөлөрүнө көз каранды эле. Иранда жумушсуздук күчөп, жакырчылык чегине жеткен. Ошого карабастан шах өлкөнүн байлыктарын, ири ишканаларын чет элдик компанияларга кармата берген. Башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып, Иран Израиль менен дос болгон. Түндүк тарабында СССРдин таасири күч болгон. Ошентип бийлик деген гана аты болгон Ирандын шахы саясий эркин да, экономикалык абалын да жоготкон. Оппозицияны куугунтуктап, түрмөгө адам батпай кеткен.
1978-жылы өлкөнүн ар кайсы аймагында майда көтөрүлүштөр башталган. 1979-жылы февралдагы көтөрүлүш ислам революциясы деп аталып, өлкөнү бурулушка алып келген. Ирак менен болгон алты жылдык согушка карабай, бүгүн Иран 200 мамлекеттин ичинен экономикасынын көлөмү боюнча 29-орунда турат. Ири державалар Иран менен эсептешей коё албайт.
Грузия революциясы: 2003-жыл
Грузия 1991-жылы көз карандысыздыгын алгандан кийин экономикалык каатчылыкка баткан. Башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, өлкөдө бийлик тынбай алмашып турган. 2003-жылдардагы этникалык улуттар ортосундагы ажырым чоң көйгөй жаратып турган. Экономикалык жана саясий каатчылыкка баткан Грузияда коррупция гүлдөп-өскөн.
Парламенттик шайлоонун бурмаланып, мурдагы президенттин өнөктөштөрүнүн жеңиши көтөрүлүштүн чыгуусуна түрткү берген. Ошентип Грузияда роза революциясы ишке ашкан. Грузин эли күткөндөй, революция өз жемишин бере алды. Бүтүндөй бийлик: сот, аткаруу, башкаруу реформаланды. Грузия экономикалык жактан ийгиликтерди багынта алды.