Бишкекте 12-апрелден баштап эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бала бакчалар жана мектептер кайрадан жабылып, окуучулар онлайн режимге өтөт.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлгандай, шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат.
Учурда шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъектилер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү.