Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Апрель окуясына карата кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1773 | 0

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Жапаровдун пикиринде, Апрель революциясы орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында тарыхта калды.

Мурдагы бийликтердин кулашына коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келе жаткан карама-каршылык себеп болгон.

Революцияга алып келген негизги күч адилеттикке, калыстыкка умтулуу болгон. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду.

«2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Акүйдүн алдына өз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Арадан канча мезгил өтсө да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбөлүккɵ жашай берет. Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү  демократиялык жолдун тандалып алынышы болду», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин пикиринде, элдик революциянын дагы бир сабагы — мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө болду.

Бүгүн 7-апрелде Апрель окуяларына он бир жыл болду.

Copyright © 2017 Maral FM